• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ольга Дзюбенко менен коштошуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 23.12.23. /Кабар/. Бишкеке белгилүү журналист Ольга Дзюбенко менен коштошуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, журналисттик коомчулук жана Ольга Дзюбенконун жакындары катышты.

Чогулгандар Ольга Дзюбенконун жаркын элесине таазим этип, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Эл аралык Reuters маалымат агенттигинин кабарчысы Ольга Ивановна Дзюбенко 69 жашында каза болгон.

Ольга Дзюбенко журналистика тармагында 40 жылдан ашык эмгектенип, ар дайым кесипкөйлүгү, мекенчилдиги менен айырмаланып, ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Пикир

Оставить комментарий