• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров президенттин Кубогу үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештердин финалына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча “Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу” комплекстүү мелдештердин финалына катышты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Раззаков, Усубалиев, Исановдор баштаган курулуштагы жаратмандык дух учурда калыбына келтирилип жатканы жана жаратмандыктын биринчи учкундары жүрүп жатканын билдирди.

“Алыс барбайын Ош шаары эгемендүүлүктүн майрамына эң сонун даярдыктар менен келди. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, Масалиев проспекти оңдолду. Масалиев менен Навои көчөсүндө уникалдуу жер үстүнөн киши өтмөк салынып, Ош шаарына көрк кошуп калды. Башкысы – биз Ош шаарында таза суу маселесин чечтик”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиону 1961-жылы курулгандан бери толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Ошол себептүү заманбап капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 48 млн сом жумшалды.

Ал ошондой эле Кыргызстандын спортчулары дүйнөлүк алдыңкы рейтингдерге чыгып жатканын жана бул тармакка мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

“Айрыкча футбол боюнча Жалал-Абадда Барселона академиясынын ачылышына дүйнөлүк профессионал футболчулар келди. Ушул күндөрү Кыргызстанда чоң майрам болуп жатат, күйөрмандар коңшу өлкөлөрдөн келүүдө. Кечээ Бишкекте Барселона академиясына капсула салынды. Бишкекте 35 миң киши баткандай стадион курулуп жатат. Биздин өлкөдө спорт өнүгөт. Президентибиз ага бүт дили, жүрөгү менен күйөт. Мунун эң сонун экономикалык мааниси бар. Анткени ден соолугу чың, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандарыбыз көп болсо, экономикалык активдүүлүк жогору болот”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Кошумчалай кетсек, 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча “Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу” комплекстүү мелдештери 28-августтан бери өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий