• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек. 23.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө гуманитардык, соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий