• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто жол кырсыгынан бир адам каза болуп, төртөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Т.К. аттуу эркек каза болуп, 2 аял: 1989-жылы туулган Ч.Ч., 1971-жылы туулган Ө.В., 2 эркек: 1963-жылы туулган Р.Б., 1963-жылы туулган Э.Т. жабыркады.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, ИИМ кызматына өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары орто.

Пикир

Оставить комментарий