• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акжол Махмудов жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиону аталды

Спорт 0


Бишкек, 16-июнь /Айжамал Дуйшова-Кабар/. Тайчунг шаарында болуп өткөн Азия чемпионатында жаштар арасындагы күрөштө Кыргызстандык Акжол Махмудов алдын медаль жеңип алды.

Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 6 медалдар топтому ойнотулган. Финалдык беттеште Акжол Махмудов 74 кг салмак категориясына чейинки Өзбекстандык балбан менен беттешкен. Алгач кыргызстандык балбан каршылашын жыгып 4 упай алды. Андан соң күрөштүн аягында чыныгы жеңишке жетишти.

Акжол Махмудов жаштар арасындагы Азия чемпионатында орто салмак категориясы боюнча жеңишке ээ болуп, бул турнирде Кыргызстанга алгачкы алтын медаль алып келди.

Жоламан Шаршенбеков 55 кг чейинки салмак категориясында күмүш медальга ээ болду. Финалдык оюнда ал Ирандык каршылашына уттуруп койду.

Андан сырткары, Тынар Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак категориясында коло медаль ээ болду. 3-орун үчүн болгон күрөштө ал япониялык балбанды жеңди.

Калидин Асыкеев 84 кг чейинки салмак категориясындагы финалдык оюнда Ирандык балбанга уттуруп койду.

Пикир

Оставить комментарий