• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан квалификациялык мелдеште алтын багындырды

Спорт 0

Бишкек, 09.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо бере турган Азия квалификациялык мелдеште алтын багындырды.

Мелдеш 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Акжол Махмудов 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан тарта катышты. Алгач палестиналык Раби Халилди Махмудов 11:0 ири эсебинде уткан. Кийинки жарым финалда индиялык Сингх Гурпритти 8:2 эсебенде жеңсе, финалда япониялык Шохей Ябикуни 7:3 эсебинде артта калтырып, алтын медаль тагынды.

Квалификациялык мелдеште ошондой эле кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков да алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий