• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Ала-Арча” көрүстөнүндө КР Эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелиги орнотулду

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, КР Эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Баатыры Апаз Жумагулов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, Бакытбек Мамытовдун үй-бүлөсү, кесиптештери жана өнөр адамдары катышты.

Эстеликтин ачылышында сөз алып сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун бийик адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси сындуу бир катар жылуу пикирлерди айтып, анын басып өткөн жолу жаштарга үлгү болуп калышы керектиги айтылды.

Ошондой эле, Бактыбек Мамытовдун диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү, өзгөчө “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барганы, кайталгангыз үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алгандыгы элдин эсинде экени эскерилди.

Мындан сырткары, эл сыймыгына айланган Бактыбек Мамытов ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары эл сыймыгы, эл адамына айланганы менен башкалардан айырмалана алганы баса белгиленди.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

Пикир

Оставить комментарий