• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Арча паркына туристтик борбор курулат. Инвестор жер аянтчалары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына туристтик борбору крулат. Бул максатта өлкөгө инвесторлор келе баштады.

Туризм департаментинен билдиришкендей, департаменттин башчысы Самат Шатманов жана парктын жетекчилиги кызматкерлер менен биргеликте инвесторго жер аянтчаларын көрсөтүп чыгышкан. Билдирүүдө инвестордун ким экендиги тууралуу кошумча маалымат айтылган эмес.

Борбордун ичинде туристтер үчүн маалыматтык борбор, кафе, намазкана, даараткана болот.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өткөн жылы парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштерине аягына чыккандыгын айтып, быйыл конок үйү куруларын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий