• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада 5 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектелген киши кармалды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Ала-Бука районунда беш жашар кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектелип 40 жаштагы эркек кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-июлда Ала-Бука райондук милициясына 32 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда 13-июлда болжол менен саат 16:00дө беш жашар кызын жашы 35-40тер чамасындагы белгисиз жаран үйүнүн жанындагы дүкөндөн балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип, ыплас аракеттерди жасаганын жазган.

Аталган арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун 40 жаштагы К.Н., аттуу тургуну тергөөгө камсыздалып, суракка алынган жана ага карата шектүү катары кабарлама берилген.

Шектүү Ала-Бука райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий