• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Тоо конушунун тургундарына 3 боз үй белекке берилди

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Ала-Тоо конушунун тургундарына 3 боз үй белекке берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, боз үйлөрдү Ала-Тоо конушунун элинин суранычы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов жана Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев тапшырды. Ошондой эле алар эл менен жолугушуп, жеринде көйгөйлүү маселелер жана суроо талаптар менен таанышты.

Тургундар тарабынан мектепке кошумча имарат куруу, канализация түтүктөрүн өткөрүү, тазалык маселелерин чечип берүү өтүнүчү болду.

Көтөрүлгөн маселелер шаардык кеңеш тарабынан район акимчилиги менен биргеликте чечилери убадаланды.

Белгиленгендей, боз үйлөр конуштагы иш-чараларды өткөрүүгө колдонулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий