• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алай району эл аралык престиждүү Рeople’s Choise Award сыйлыгына көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Ош облусунун Алай району эл аралык престиждүү Рeople’s Choise Award сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туралуу “Гринтур Кыргызстан” уюмунан кабарлашты.

Добуш берүү 5-январдан 23-январга чейин өтөт.

Буга чейин “Гринтур” жана “Бай Алай” долбоорлорунун колдоосу менен 2022-жылдын сентябрь айында Алай району КМШ мамлекеттеринин арасынан биринчи болуп Green Destination тарых баяндарынын эң мыкты жүздүгүнө кирген. Анда райондун жоопкерчиликтүү туризм жаатындагы аракеттери жана өзүнө тарткан көркөмдүүлүгү эске алынган.

Green Destinations - бул Нидерландда туруктуу багыттарды, алардын бизнесин жана алардын жамаатттарын колдоо максатында түзүлгөн глобалдык коммерциялык эмес уюм.

Пикир

Оставить комментарий