• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алай районунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөө бүгүн, 10-декабрда болжол менен түнкү саат 03:11лер чамасында болгон.

Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий