• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.17. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүктү карай 23 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышты карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

Бор-Дөбөнүн калк жайгашкан аймагында жер титирөөнүн күчү – 3,5 баллга, Сары-Таш, Кара-Киндикте – 3 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий