• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда айдоочу 16 жаштагы өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында 16 жаштагы баланы унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-ноябрда болжол менен саат 23:50лөр чамасында болгон. Анда белгисиз унаа М. Горький көчөсүнөн 16 жаштагы К.Б. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Өспүрүм кырсык болгон жерден көз жумган.

Аламүдүн РИИБи боюнча жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери изи сууй электе жол кырсыгына шектүү катары 1997-жылы туулган С.М.Д.ны кармашып, андан ары чара көрүү үчүн райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришти. Ал эми "БМВ Х5" үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий