• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүндө балык уулоого кеткен адамды издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Аламүдүндө балык уулоого кетип дайынсыз болгон адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келген эмес. Анын кийимдери суунун жээгинен табылган.

Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден кызматкерлер тартылган. Жыйынтык болгон жок, бүгүн, 26-августта издөө улантылат.

Пикир

Оставить комментарий