• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө кездеме сактоочу кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.22./Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында кампадан чыккан ири өрт саат 11:47 толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кездеме сактоочу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө "Тазалык" ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада тартылып, саат 07:48де чектөөгө алынган.

"Болжол менен өрттүн аянты 550 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ага улай эле өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 2 кампа сакталып калды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий