• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Анкарага Манастын жана Жусуп Абдрахмановдун эстелигин тургузуу сунушу айтылды

Маданият 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара аймагынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирелдин чакыруусу менен Этимесгутта курулган “Түрк тарыхы” деп аталган парк жана музей менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинен билдиришти.

Таанышуу учурунда элчи Өмүралиевдин аталган комплекске дүйнөдөгү эң чоң эпостун каарманы Манастын, ошондой эле парктын түрк тектүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнө арналган аянтчасында Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсан катары Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу сунушун Этимесгуттун мери Демирел колдоп, жакында айкелдер даяр болоорун билдирди. Тарыхый парк жана музейдин расмий ачылышы 2021-жылдын 29-августунда өтөт.

Тарыхый паркта түрк тектүү элдердин белгилүү инсандарынын айкелдерин, анын ичинде кыргыздардын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду айкелин да көрүүгө болот, ошондой эле анын кире беришинде кыргыз боз үйү орун алган.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев жаңы курулган тарыхый парк жана музей түрк тектүү элдер үчүн маанилүү экенин белгилеп, Этимесгут муниципалитетинин башчысына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий