• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жармастан: Арстан келатат....Шер келатат...жоо-ок Баң-Баң Баңов келатат...

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшош болушу мүмкүн.

Жармастандын Баң-баң Баңов деген саясатчысы бар. Кайда барбасын, эмне иш кылбасын барабанын баң-баң кактырып, керне-сурнай тарттырып жүрөт.

Ушундан улам өз аты унутулуп Баң-Баң Баңов аталып кеткен.

Бу Баң-Баң-Баңовдун мындан бир жарым жыл мурдагы ажо жарышында, барабанын бакылдата кактырып, Жармастанды эки айланып чыгып, артынан 600 миңден ашуун шайлоочуну ээрчитип кетип, экс-ажо КАШАнын эсин чыгарган жайы бар. Бирок, экс-ажо КАША жеткен куу неме болчу. Баң-Баң Баңов бардык жагынан кыйын болгону менен, көзү алаңдаган коркоктугун жакшы билчү. Кийин соңу кандай болот дедиби айтор, кыштын алгачкы карында Арашандын башынан чээнге кирип бараткан жеринен бир аюуну карматып келип сойдуруп, терисин ашатпай эле жамынып алып, үксөйгөн-саксайган боюнча, демейде Айды карап жатам деп, терезесин ачып коюп жатчу Баң-Баң Баңовдун терезесинин тушунан эки-үч жолу өтүптүр. Жөн өтпөй эки кулагын кыймылдатып да койсо керек. Ошондон эси чыккан Баң-Баң Баңов эртеси эле Жармастандан безе качкан. Баң-Баң Баңов да оңой жигит эмес да. Жанагы эки кулагын кыймылдатканы соо эмес дегендей ойго кеткен. Ошондой эле болду. Кайран КАША артынан эки кылмыш ишин козготтуруп, эми экинчи келгис кылдым го деп ойлогон.

Андай болбоду. Экс-ажо КАШАнын да “кашасы” чыгып, коррупцияга шектелген айдоочусу, ат кошчусу, үзөңгү тартаары бүт камалып, шайы ооп турган чагы. Баса, экс-ажо КАШАнын аты-жөнү да башка болчу. Бир ирет “мен каша гана жейм, тишке жумшак, майдан кошуп алсаңар андан жакшы” деп айта салам деп КАША атка конгон. Бирок көпчүлүк эл “мунун кашасында бир мандем бар, рецебин ачык айтпайт” дешип, ар кандай сөз чыгарып келүүдө.

Ошону менен мындай кырдаалды кетиргиси келбеген Баң-Баң Банов келем эле келем деп барабанын бакылдата кактырып жатат. Барабандын үнүнөн башы ооруп чыктыбы кандай Жармастандын аттуу-баштуу жармачысы Алтын жигит Суубашиев “кеткенде барабан кактырбай, сурнай-керней тарттырбай эле кеткен, келе турган болсо ошентип эле келбейби” деп катуу нааразы...Дагы бир Фейсбук колдонуучу баягы КАШАнын жоругу эсине түшүп, интернеттен Баң-Баң Бановдун жеке баракчасына аюунун сүрөтүн салып жиберген экен, эси чыккан неме билетин алмаштырганын да айтышууда. Айтор эртең Баң-Баң Банов келсе келет, келбесе келбей калышы да мүмкүн...Анан калса Баң-Баң Банов саясаттын сайына басып да барбайм, экономика менен гана алектенем деп жатат...Ким билет...Баягы эле Баң-Баң Банов эмеспи...

Пикир

Оставить комментарий