• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жармастан: Чакча сатып байыгандар...Жез мүштөк...

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастанга дүмүрөңдөй жүгүрүп доңуз жылы да кирип келди. Жармастандыктар жайыл дасторкон, кең пейил эл. Доңуз жылынын урматына бир жума бою дасторконун жыйнабай, жакшы тилек менен жадырап жайнап тосуп алышты. Бирок, доңуз жылы да жармастандыктардын пейлин билет окшойт, белек-бечкегин аянбастан артына келиптир. Балдарга оюнчук, түрдүү момпосуй ала келгени менен белек-бечкегинин арасында “Доңуз жылында көчөдө машина айдоонун жана коомдук тартипти сактоонун жаңы эрежелери” деген “Бал китеби” бар экен, учурда элдин баары андагы айтылгандарды кызуу талкуулап жаткан чагы.

Оу-у, Доңуз жылынын “Бал китеп” эрежесинде кызыктын баары толтура экен. Ага караганда бул жылы арак ичмейин айдай албаган шоопурлардын эле эмес, коомдук жайларда чылым чеккендердин, көчөдө баратып түкүрүнгөндөрдүн да тартиби оңолот окшойт. Айталы, асманга карай шалп эттире түкүрүнүп, ал түкүрүгүң жерге түшкөнчө, өзүң басып кетип, артыңда келаткан башка бирөөнүн көзүнө шалп дей түшсө күнүңдүн бүткөнү. Ошо түкүргөн жериңден 5500 сом айып пул төлөбөсөң кутулбайсың. Же болбосо коомдук жайларда коркурата чылым чексең, кокоңдон кысып туруп, 1000 сом айып пулду кустуруп алышат.

Бирок, Жармастандыктар чыгармачыл эл. Кандай абалдан болбосун чыга билишет. Кимдир бирөө “көчөдө баратып түкүргүң келсе, көчөнү булгабай атайын чакчага түкүр” деген идеяны сунуш кылып жиберди эле, айрым ишкерлер “Желим чакча”, “Уй мүйүз чакча”, “Кочкор мүйүз чакча”, “Теке мүйүз чакча” аталган фирмаларды ачып жиберишип, желимден, мүйүздөн келиштире жасалган, түрдүү оймо-чиймелер түшүрүлгөн, бир көзү асмай салгыч, бир көзү түкүргүч универсал чакчаларды чыгарып сата башташты. Баасы да арзан. Боосу да бар. Мойнуңа илип алып, түкүргүң келсе, капкагын ачып чыйт түкүрүп, кайра жаап алып кете бересиң. Ошону менен чакча жасаган ишкерлер катуу байыганы калышты сыягы. Аз күндө айтылуу ишкер Чалымбековду басып өтчүдөй.

Ал эми чылым чеккендерден да амал качып кутулган жок. Алты мүнөттүн ичинде бир чылым чекпесе башы ооруган, анысы аз келгенсип чылымынын түбүн чычайта кармап туруп, каалаган жерине чертип жиберип басып кетмей адаты бар чоң чылымчы Кумарбек көчөдө чылымын чычайта күйгүзүп кетип баратса, алдынан эки милийса чыга калбаспы. Шашканынан чылымын жеңине катып өчүрүп, бир колу менен чылымдын түтүнүн сыртка чыгарбай оозу-мурдун тумчулай салды эле түтүн эки кулагынан бурк дей түштү. Эки милийса эки кулагынан түтүн чыгып бараткан немеге эчтеке дей алышпай, ооздорун ачып кала беришти.

Кумарбек чылымчынын өзүнө бул жоругу майдай жагып, бир буйгат көчөгө жашына калып кайталап көрдү эле, эки кулагынан чыккан түтүн экинчи кабатка чейин жетип, тумандап эле жатып калды. Ошону менен Кумарбек түшкүрүң үйүнө келип, бир учу жеңинен, экинчи учу жакасынан чыккан узун жез түтүктөн мүштөк жасап алып, эки кулагына үн уккучтан тагып, андан түтүн чыксын үчүн антенага окшогон ичке жез түтүкчө чыгарып, көчөдө ээн-жайкын эле чегип жүрөт. Эки-үч жолу милиция кармап алып, бул оозу менен эмес кулагы менен чеккен немеге кандай статья колдоноорун билбей, кетирип жиберишти. Ал жакында бул ыкмасына патент алып, бир кулач жез мүштөгүн массалык чыгарып, тиги чакча жасап саткандарга окшоп, байысамбы деген ойдо жүрөт...

Ошентип доңуз жылынын кызыктары жаңы эле башталды. Калганын эл менен чогуу көрөбүз да...

Пикир

Оставить комментарий