• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жармастан: Компания мышык сатып алмай болду

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын электр энергиясы компаниясы кемирүүчүлөрдүн чабуулунан жабыр тартып жатканын жар салды. Бүгүнкү узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кыйкырып чыккандарына караганда абалдары кыйын окшойт.

Компания буларга каршы туруунун “Барбарис” планын иштеп чыгып, каармандык, болуп көрбөгөндөй эрдик менен күрөшүп жатканын билдирди. Айткандарына караганда эки чалгы, үч балка, жети союл, үч айры, бир күрөк берип 12 кишиге эшигинин алдын кайтартып койгон экен андан майнап чыкпаптыр. Кемирүүчүлөр да оңой эмес окшойт, алиги тишине чейин куралдангандарын алдынан чыкпай, артынан айланып өтүп, электр энергиясын өткөргөн жер алдындагы жылуу кабелдерге барып капталын жылытып, атургай эрмектеп кемирип, жарыкты да ушулар өчүрүп жатыптыр.

Бу кемирүүчүлөр деген кайдан келген жоо болду экен, ушу XXI кылымда чалгы менен чабышпай, замбирек менен мээлеп туруп бир койбойбу десек, көрсө кадимки эле чычкан, келемиштер болуп чыкпаспы.

Ошону менен чычкандан корккондордун эл аралык тизмесине мурда биринчи болуп пил жазылып жүрсө, экинчи болуп ушул килейген компания катталып отурат. Кашайып Гиннес китебине кирип калабы деп бизде жан жок. Ал арада аргасы кеткен компания Жармастандын Саламаттык сактоо министрлигине “Дератизация” дечү мышыгыңарды берип тургула деп кайрылды. Айтымдарында келемиштердин акесин жалгыз гана ушул мышык таанытат имиш.

Муну уккан карапайым Жармастандыктар “өздөрү эле кур дегенде 5 мышык багып албайбы”,- деп жатышат. Мындай сунуш жага түштү окшойт аталган компания эми элден мышык сатып алуу компаниясын баштайбыз дешүүдө...Аны билип калган баягы эле ортомчулар бир мышыктын баасын бир койго чыгарганы жатышыптыр. Буга караганда тамашанын баары алдыда окшойт... Күтө туралы...

Пикир

Оставить комментарий