• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Арзыбек Кожошев Алматы шаарында жумушчу сапары менен жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу боюнча Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) иш сапары менен жүрөт, анын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча Жумушчу топтун 1-жыйыны өтүүдө.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады.

Жыйындын соңунда тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Мындан тышкары Алматы шаарында үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий