• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арзыбек Кожошев: Мен ишкерлер үчүн ар дайым ачыкмын

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ата мекендик бизнес өкүлдөрү менен салттуу жолугушуу өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев 2022-жылы министрлер кабинетинин алдында турган милдеттерге жана анын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктарына кеңири токтолду.

"Экономикалык өсүштүн темпин 6,5% деңгээлинде камсыз кылуу жана консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчүн 400 млрд сомго чейин жеткирүү – бул биз алдыга коюп жаткан амбициялуу пландар. Бул иште сиздердин колдооңуздар маанилүү, анткени сиздер жумуш орундарын түзүп, мамлекеттик бюджетти толтуруп, салыктарды төлөп жатасыздар. Өткөн жолугушуубузда 60 маселени айттыңыздар эле, үч айдын ичинде биз аларды чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшадык. Бүгүнкү жолугушуубуз мындан да жемиштүү болот деп ишенем", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Андан соң экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов баяндама жасады.

Ал белгилегендей, буга чейинки жолугушууда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү тарабынан айтылган 30 ашуун маселе чечилип, калган маселелер аткаруу стадиясында турат.

Андан кийин чогулуштун катышуучулары суроо-жооп бөлүгүнө өтүштү. 50дөн ашык суроолор берилип, аларга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ыкчам жооп беришти.

Алсак, бизнес өкүлдөрү автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча документти кабыл алуу, мамлекеттик сатып алуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун, жаңы Салык кодексинин айрым пункттарын, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү жөнөкөйлөтүү маселелерин көтөрүштү.

"Бүгүнкү жолугушуунун жана ушул сыяктуу башка жолугушуулардын максаты – ачык диалог аянтчасын түзүү, анда сиздерден түздөн-түз идеяларды жана сын-пикирлерди угуу, анткени бизнес чөйрөсү өлкөдө болуп жаткан бардык окуялардын күзгүсү болуп саналат. Сиздер экономикада да, башка тармактарда да болуп жаткан бардык өзгөрүүлөрдү биринчилерден болуп сезип жатасыздар. Биз өз кезегинде сиздердин сунуштарыңыздарга жана сын-пикирлериңизге ыкчам жооп кайтарууга аракет кылабыз. Сиздер тараптан айтылып жаткан сунуштарга реалдуу иш-аракеттер түрүндө жооп кайтарылат", - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Белгилесек, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын колдоосу менен квартал сайын бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, анда ишкерлер туш болгон көйгөйлөр талкууланат.

Кийинки жолугушууларда мурда көтөрүлгөн маселелердин кандай чечилип жаткандыгы боюнча отчет берилет.

Пикир

Оставить комментарий