• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Асел Чынбаева менен БУУнун атайын баяндамачысы соцкамсыздандыруу маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 30.05.22./Кабар/. КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева бүгүн, 30-майда, Бириккен улуттар уюмунун жакырчылык жана адам укугу боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Жолугушуу жүрүшүндө Асел Чынбаева Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү институту, анын ишмердүүлүгүнүн оң натыйжалары, 2022-жылга карата негизги милдеттери жана пландары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, эл аралык уюмдар менен кызматташтык, балдардын укугунун бузулушу боюнча жарандардын кайрылуулары жана башкалар боюнча да сөз болду.

Тараптар социалдык камсыздоо, балдар эмгеги жана балдардын билим алуу укугу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Оливье де Шуттер Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн белгиленген багыттагы пландарын колдоорун жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий