• 88.68
  • 95
  • 0.95

Асман шаарынын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок – президент

Президент 0


Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Асман шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы экологиялык шаардын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар экендигин айты.

"1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен Асман экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз.

Учурунда Арабияда Неом, Эмираттарда Маздар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сындуу туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлор ишке ашкан жана азыркы кезде дагы ийгиликтүү өнүгүүдө.

Андыктан, аталган өлкөлөрдүн ой-кыялдары реалдуулукка айланып, дүйнө элин суктандырып, башкаларга үлгү боло алды. Демек, биз дагы Асман шаарын кура алабыз!", - деди президент.


Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман экошаарынын курулушуна капсула салынды. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий