• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Астана-Караганда жолундагы кырсыктан кыргыз жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.18. /Кабар/. Астана-Караганда унаа жолундагы кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болду,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 12-январда болжол менен саат 13:00 чамасында Астана-Караганда унаа жолунда (жөө жүргүнү коюп кеткен) КР жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кырсыктын натыйжасында КР жараны 1973-жылы туулган А.Ж., каза болгон. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылынын тургуну болгон.

Унааны Казакстандын Ерлан аттуу жараны башкарып бара жаткан, анын айтуусунда аба ырайына байланыштуу көрүү начарлагандан (бороон, шамал) улам, туура эмес жерден өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү байкабай калган.

А.Ж., тууганы У.А менен ВАЗ 2107 унаасында транзит аркылуу РФнан Кыргызстанга келе жаткан (РФнан 11.01.2018-ж чыгышкан).

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. КРнын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып турат, учурда сөөктү КРга жөнөтүү маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий