• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз делегациясы Астанада өткөн ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн кеңешинин 40-жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 8-сентябрында Астана шаарында (Казакстан) Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн кеңешинин (ШКУ РАТТ) 40-жыйыны өттү. Казакстандын төрагалыгы астында өткөн иш-чарага КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Шаменов жетектеген кыргыз делегация катышты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин – Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын омпетенттүү органдарынын делегаттары, ошондой эле ШКУ РАТТнын Аткаруу комитети катышты.

Жыйында ШКУга байкоочу мамлекеттер катары Беларусь Республикасынын жана Монголиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун РАТТ Кеңешинин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы менен биринчи биргелешкен иш-чаранын натыйжасында алынган жүргүнчүлөр боюнча алдын ала маалыматтар (API) жана жүргүнчүлөрдү каттоону эсепке алуу (PNR) маалыматтарын киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча эл аралык практиканы изилдөөнүн жыйынтыктары бекитилди.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын террористтик ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, аларды террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда алууга жана колдонууга бөгөт коюу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын Индиянын аймагында практикалык семинарды жана биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрүү пландаштырылды.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусун 2024-жылы Кытай Эл Республикасынын аймагында уюштуруу жана өткөрүү, ШКУнун аймагында экстремисттик идеологияга каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

ШКУнун РАТТ Кеңешинин кезектеги жыйынын Өзбекстандын аймагында өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Советтин жыйыны ишкердүү, достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий