• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы каналына чөгүп кеткен кичинекей баланы 99 куткаруучу издеп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Чүй облусундагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине 99 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бала 11-апрель күнү болжол менен саат 18:25те Ат-Башы каналына чөгүп кеткен.

Бүгүн баланы издөө иштери улантылып, ага жалпысынан 99 куткаруучу тартылган.

"Издөө иштери Константиновка айылынан (Аламүдүн району) Камышановка айылына (Сокулук району) чейин Ат-Башы каналы менен Чүй дарыясында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий