• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы милициясы Босого жайлоосундагы балдар лагеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кечээ, 29-июнда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Босого жайлоосундагы балдар лагеринен кабар алышты.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, балдар менен жолугушууда милиция кызматкерлери кылмыштуулук, зордук-зомбулук, сууга чөгүү кырсыктарын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуубоюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары, жайкы эс алуу учурунда чет мамлекеттерден келген жарандардын эс алуу учурундагы коопсуздуктары боюнча түшүндүрмө берилди.

Ошондой эле айыл аймактагы жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп, эл менен жолугушууларды уюштурулуп, милициясынын көчмө кабылдамасы аркылуу айыл тургундарына сервистик тейлөөлөр Ат-Башы РИИБи тарабынан байма-бай көрсөтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий