• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иштери аяктады - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда кылмышка шектүүлөргө айыптары угузулууда.

“Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий