• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир жуманын ичинде 92 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4-10-февраль күндөрү Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 92;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 12;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 47;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 146;

- автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 5;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 192;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 5 064. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 538 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий