• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азизбек Мадмаров Израиль элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Израилдин Кыргызстандагы жаңыдан дайындалган элчиси Эдвин Натан Ябо Глусмандын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мадмаров элчи Глусманды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди жана алардын мындан аркы өнүгүүсүн, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан тармактардагы маселелерди талкуулады.

Өз кезегинде элчи бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, туризм жана инвестиция чөйрөсүндөгү өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болгондугун белгилеп, эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүү тууралуу макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда Мадмаров элчи Глусманга эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий