• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов: Мамлекет спорттун бардык түрүн, анын ичинде паралимпиадалык спортту колдоо саясатын жүргүзүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.22. /Кабар/. Мамлекет спорттун бардык түрлөрүн, анын ичинде паралимпиадалык спортту колдоо саясатын жүргүзүүдө. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн калкасы астында өтүп жаткан «Чексиз спорт» ден соолукту чыңдоо марафонунун ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан катышуучуларды марафондун башталышы менен куттуктады.

Ал белгилегендей, мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керек, анткени алар паралимпиадалык мелдештерде жеңишке жетип, чыныгы эрдиктин жана баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат.

Ал өз сөзүндө бул марафон өзүнүн масштабы боюнча да, шыктандыруучу жана жаратман күчү менен да айырмалана тургандыгын белгиледи.

«Бул иш-чара спорт күйөрмандарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көңүлүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга буруп, байланыш чөйрөсүн кеңейтип, окшош турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө жаш муундарга үлгү болуп, алардын профессионалдык спорт менен машыгуусуна түрткү берет», - деди Эдил Байсалов.

Учурда республика боюнча дене тарбия жана спорт менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны миңге жакын саналат.

Биздин спортчулар спорттун пара-, сурдо жана атайын түрлөрү боюнча чоң ийгиликтерге жетишүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2021-жылы Токиодо өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндарга биздин дзюдочубуз Хайитхон Хусан кызы жана жеңил атлетчи Адилет Базаркулов катышкандыгын белгиледи.

Быйылкы жылдын ийгилигине токтолуп, Эдил Байсалов 2022-жылдын май айында Кашиас-ду-Сул шаарында (Бразилия Федеративдик Республикасы) өткөн жайкы Сурдлимпиада оюндарына спорттун 5 түрү: дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, таэквондо жана жеңил атлетика боюнча 24 кыргызстандык спортчу катышканын белгиледи. Жыйынтыгында улуттук курама команда 6 медалга: 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, «Чектөөсүз спорт» ден соолукту чыңдоо марафонунун негизги максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго аралаштыруу, аларды сергек жашоо мүнөзүнө үндөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий