• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бакай Банкта Xoom (PayPal) которууларын кандай алса болот?

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Xoom сервиси чет мамлекеттен Кыргызстанга акчаны онлайн которууга мүмкүнчүлүк берет. Которууну «Бакай Банкта» Ria Money Transfer которуусу катары алса болот.

XOOM — PayPalга энчи компания, ал электрондук төлөмдөр багытындагы дүйнөлүк лидер болуп саналат. Егер сизге АКШдан же Канададан XOOM системасы аркылуу акча жөнөтүлсө, сиз аны «Бакай Банктан» Ria Money Transfer которуулары катары алсаңыз болот.

XOOM системасы аркылуу которууларды алган кардарларды тейлөө процедурасы:

  1. Банктын адисине Ria Money Transfer которуусун алуу үчүн кайрылып Xoom которуусунун пин-кодун билдириңиз. Ал 1299 сандары менен башталышы керек.
  2. Эгер которуунун макамы каражат берүүгө даяр болсо, акчаны аласыз.

Кыргызстанда XOOM системасы боюнча которууну алса гана болот, жөнөтүү үчүн сервис иштебейт. Которууларды төлөп берүү евро/АКШ доллары менен жүргүзүлөт. Алуучудан комиссия кармалбайт.

Контакт-борбор 24/7:

bakai.kg

6111 (мобилдик телефондордон)

+996 554 006 111 (WhatsApp)

КРУБ №43-Лиц.

Пикир

Оставить комментарий