• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы сугат суу каналдарынын абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин трагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районундагы сугат суу каналдарынын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул көчмө жыйын өлкө президенти Чүй облусунан баштап республиканын баардык аймактарында сугат суу маселеси жаралбашы керек деген тапшырмасына ылайык уюштурулду.

Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаев кийинки жылы агын суу маселеси болбошу үчүн, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинен тартып иштер кызуу башталаарын билдирди.

Ага ылайык Чүй облусунун аймагына жаңы суу кампалар курулат жана суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Бакыт Төрөбаев бул багытта министрлер кабинети жакын арада ири каражат бөлөөрүн кошумчалады. Анын негизинде Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат.

Адистердин белгилөөсүндө Чүй облусунун сугат жеринин 30%на агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда.

Пикир

Оставить комментарий