• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сз кызматынан билдиришти.

Төмөндө кол коюлган келишимдердин тизмеси келтирилген:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык “Gree Altairnano New Energy Co. Ltd." ортосундагы энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу заводду куруу үчүн өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коому менен кытайлык “Molin Energy Company Limited” компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында күн электр станцияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кызматташуу жөнүндө келишим;

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана кытайлык Цзюшэньхэ жоопкерчилиги чектелген үрөөн өнөр жайынын акционердик компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен Wuhan Yangluo Port Service Co., Ltd ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

7. Биринчи тараптан Кыргыз Республикасынын Нарын облусу менен «Синьцзян соода жана логистика (корпорация) компаниясы» ЖЧКсы жана экинчи тараптан Синьцзян инвестициялык жана сууну өнүктүрүү корпорациясынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө алкактык келишим;

8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты менен Кытай темир жол курулуш корпорациясынын 15-бюросунун алдындагы Эл аралык компаниянын ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык меморандум;

9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты менен Синьцзян эл аралык « China Eagle» соода компаниясынын ортосундагы темир заводун куруу долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө алкактык меморандум;

10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен CHINA POWER ENGINEERING CONSULTING GROUP INTERNATIONAL ENGINEERING CO., LTD. (3ГВт) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

11. Биринчи тараптан «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ачык акционердик коомунун жана экинчи тараптан № 5 Кытай темир жол инженердик тайпалык компаниясы жана Кытай чет өлкөлүк инженердик корпорациясынын ортосунда Кыргыз Республикасында Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу ниети жөнүндө келишим;

12. «Чакан ГЭС» ААК менен ТВЕАнын ортосунда Кыргыз Республикасында гидроэнергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

13. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен "Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD (Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетика технологиясы ЖЧК)" ортосунда "Эркечтам"кыргыз-кытай чек арасына жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча ниеттер жөнүндө келишим;

14. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Shanci Coal Investment Group LLC» ЖЧК ортосунда «Ак-Улак» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө макулдашуу;

15. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен « Shanci Coal Investment Group LLC» ЖЧКсынын ортосунда «Беш-Бурхан» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашуу;

16. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен " Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd" ортосундагы "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниеттенүү келишим;

17. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен " Irkeshtan Port Xinji International Trade Co Ltd " ортосундагы "Торугарт" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниеттенүү келишими;

18. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен " Irkeshtan Port Xinji International Trade Co., Ltd" ортосундагы "Каракабак-Балыкты" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишими;

19. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен "Irkeshtan Port Xinji International Trade Co., Ltd" ортосундагы "Торугарт" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын жерде көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу жөнүндө келишим;

20. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧК ортосундагы «Сүлүктү 11 талаа» көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишими;

21. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык "Kashi Shunbaofu Trade and export Trade Corporation " ортосундагы "Торугарт 1" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишими;

22. Ош мамлекеттик университети менен Шихэцзы университетинин ортосундагы кызматташуу келишими;

23. «Кыргыз почтасы» ААК менен кытайлык «Сай Чэн» компаниясынын ортосундагы эл аралык почта жүгүртүү жана трансчек аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

24. «Кыргыз почтасы» ААК менен Сычуань Хунсиньде инвестициялык фондунун башкаруучу компаниясынын ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;

25. «Кыргыз почтасы» ААКсы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кашкар шаарынын элдик өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

26. Кытай Эл Республикасынын «Ош Шаян» түштүк аймагындагы ишкерлер ассоциациясы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Кашгар шаарынын элдик өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

27. Кыргыз Республикасынан " АМАН-ГРИНФУД" ЖЧК менен кытайлык " Xinjiang Deyuanxiang Trading Co., Ltd." компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына балды экспорттоо жөнүндө макулдашуу;

28. Кыргыз Республикасынан «ТОРО» ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына эт экспорттоо жөнүндө макулдашуу;

29. Кыргыз Республикасынын «АКВА ПРОМ» ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына балык экспорттоо жөнүндө макулдашуу.

Пикир

Оставить комментарий