• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы ири салык төлөөчүлөр менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы ири ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин обустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, өкүлдүн орун басары Уристем Манапов, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, облустагы район, шаарлардын жетекчилери, банк кызматкерлери катышып, өндүрүш тармагын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Иш-чарада экономикалык реформалардын алкагында жүрүп жаткан фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясаты боюнча кеңири форматтагы пикир алышуу болуп, ишкерлерге шарт түзүү, инвестиция тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик органдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин өркүндөтүү, ири, орто жана кичи бизнести өнүктүрүүнү ар тараптуу колдоо, ишкерлик боюнча кеңешти түзүү боюнча милдеттер коюлуп, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Мындан сырткары, Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы Пахта заводдорунун жетекчилери, көмүр казуучу карьер өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий