• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балбан Муртазалиевге "КР эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Жиу-житсу боюнча спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиевге "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Муртазалиев ири мелдештерде, Азия оюндарында, Дүйнө чемпионаттарында ийгиликтүү жетишкендиктерди көрсөткөн.

Жогорку даражадагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоо ишиндеги баа жетпес эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу" спорттук наамы таэквон-до ИТФ боюнча машыктыруучу Виталий Олейниченкого жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Нурлат Такировго ыйгарылды.

Белгилей кетсек, тиешелүү чечим "2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын" талаптарына ылайык кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий