• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында биринчилик өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча КР федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, турнир 27-28-январда Арча-Бешиктеги “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Биринчиликтин алкагында Бишкек жана Измир (Түркия) шаарларынын өспүрүмдө курама командаларынын достук жолугушуусу өткөрүлөт.

“Жыл сайын дзюдонун белгилүүлүгү артууда, бул кубандырат. Белгилей кетсек, учурда балдар спортуна өзгөчө көңүл бурулууда. Бул чемпионатты биз жаш спортчулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүп жатабыз”,- деп билдиришти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий