• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жолундагы кырсыктан 2 адам оор жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жолдун 88-чакырымында кечээ, 17-июлда болжол менен саат 13:03төр чамасында “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кырсыгына учураган.

Натыйжада 2 адам оор, ал эми 3 жүргүнчү жеңил жаракат алган.

Куткаруучулар жерине барышып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий