• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Лейлектеги Максат орто мектебинде окуу жанданды

Аймак 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат орто мектебинде окуу процесси 19-сентябрдан тарта кайрадан башталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектепте жалпысынан 196 окуучу билим алат, бүгүн 50 бала сабака келген. "Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү А.Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси бүгүн жанданды. Бул мектепке 16-сентябрда Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу. Аталган мектепте жалпы 305 окуучу окуйт.

"Күн мурун билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий