• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде чек арачылар аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармекти аныктады

Аймак 0

Бишкек, 08.04.23./Кабар/. Баткенде чек арадан аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Дөбө айылында Россия Федерациясынын мамлекеттик Р516Х777 номурлуу “Ауди-100” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен “Лефлоксин 500 мл” дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылып, унаа жүгү менен бажы терминалына коюлган.

Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий