• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда 6 млн евролук долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык иштер боюнча аткаминерлер соттолду

Коом 0

Бишкек, 08.04.23./Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнин кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнын кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн жалпы 6 млн евро суммасындагы ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жогорудагы факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий