• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Облустагы акыркы окуялар өкүлдүн көзөмөлүндө

Аймак 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда акыркы учурда облус аймагында бир катар бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган оор кылмыштар боюнча маселе каралган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумда укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган кылмыштарды алдын алуу, болтурбоо жана болуп өткөн окуяларды дыкат иликтөөгө алуу боюнча өкүл Абиш Халмурзаев тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү Протоколдук чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий