• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун чек арадагы айылынын 12 тургуну Ысык-Көлдө эс алышат

Аймак 0

Бишкек, 14.07.18. /Кабар/. Күн мурун Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын 12 тургуну Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев жеке резервдик фондунан айыл тургундарынын Ысык-Көлдө эс алуусу үчүн акча каражатын бөлгөн.

Мындай иш-чаралар республиканын алыскы чек арадагы айылдарында жашаган жергиликтүү тургундарга моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, аталган айылдын мектеп окуучулары “Алтын Бешик” балдар лагеринде эс алышууда.

Пикир

Оставить комментарий