• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен шаарында таза суу долбоору 72% аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Баткен шаарында таза суу долбоору 72% аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарында аткарылып жаткан таза суу долбоорунун ишинен кабар алды. Өкүл шаардан 35 чакырым алыста, Сары-Таш тоосунда жайгашкан башкы суу алуучу жайдын реабилитация жумуштары менен жеринде таанышты.

Сары-Таш суу тундуруучу жайды реабилитациялоо үчүн 100 миң евро каралган.

Бул жумуштар КР Өкмөтү менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” жөнүндө насыялык жана инвестициялык грант боюнча кол коюлган макулдашуусуна ылайык ишке ашып жатат.

Жалпы долбоордун суммасы 29 млн еврону түзөт.

Долбоордун алкагында биринчи этапта каралган 4 млн еврого Баткен шаарында 2000 кожолук жашаган аймактын суу системасы толугу менен жаңыланып, суу эсептегичтер орнотулуп, элге 24 саат суу берүү маселеси аткарылууда.

Азыркы күндө 640 даана суу эсептегичтер орнотулду. Жакынкы күндөрү суу берип текшерүү жумуштары пландалууда.

Учурда жалпы жумуштун 72 %ы аяктады. 2019-жылы февраль айында башталган таза суу жеткирүү жумуштары 2020-жылдын август айына толугу менен аяктаары күтүлүүдө.

Ошондой эле долбоордун алкагында Чет-Булак жаңы конушу үчүн 1000 куб метр сыйымдуулуктагы суу кампасынын курулушу жүрүүдө. Суу кампасын тиешелүү имараттары менен кошо куруу жана суу кампасына чейин суу түтүктөрун жеткирүү каралган.

Курулушта 30 адам иштеп жатат.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында 229 300 еврого Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникалар жана жабдуулар сатып алынып, 129 622 еврого лабороториялык бөлмөлөрү менен заманбап имарат курулду.

Кийинки этапта шаардын канализация линиясын куруу жана булганыч сууларды тазалоочу жайдагы жабдыктарды алмаштыруу каралган. Долбоор боюнча 3600 метр канализация линиясын жаткыруу иштери жүрөт. Ошондой эле булганыч сууларды тазалоочу жайдагы жабдыктар алмаштырылып, хлоратор орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий