• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды (видео)

Аймак 0


Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 30-мартта УКМКнын Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталды, анын ичинде:

  • “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы;
  • 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната;
  • 4 түтүн бомбасы;
  • 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон;
  • 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий