• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына караштуу Бужун айылында “Нур периште” бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган бала бакчасынын ачылуу аземине КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышып, бакчага түстүү сыналгы белекке берди. Ошондой эле бакчанын курулушун колдоого алып, каржылык көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык каттарын тапшырды.

“Нур периште” бала бакчасынын курулушу Арис уюмунун “Айыл аймактарды инвестициялоо” долбоору тарабынан каржыланды. Жалпы сметалык баасы 12млн 600миң сомду түзгөн билим уясында балдардын татыктуу тарбия алуусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

50 балага ылайыкташтырылган бакча, бүгүндөн тарта балдарды кабыл алып, өз ишин баштады.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 154 балдар бакчасы бар. Алардын 140 мамлекеттик, 14 жеке менчик балдар бакчалары. Жалпы балдар бакчасына тартылган балдардын саны 18700.

Пикир

Оставить комментарий