• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор Ички иштер министрлигинин, “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL)” боюнча бөлүмүнүн колдоосунун астында ачылды.

Ачуу аземине тиешелүү жетекчилер, аталган борбордун мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

Коомдук кабыл алуу борборунун ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр ажыратылып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий