• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде унаа оодарылып сайга түшүп кетип, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде "Фольксваген Гольф 2" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып, сайга түшүп кеткен.

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык кечээ, 16-сентябрда болжол менен саат 11:13төр чамасында катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1953-жылкы А.У., аттуу айдоочу каза болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унааны жолго чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий