• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенге Өзбекстандан дезинфекциялоочу каражаттар жана беткап үчүн марли алынып келинди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус оорусуна каршы биргеликте күрөшүү, муктаждыктарды чечүүдө кол кабыш кылууну макулдашышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, ага ылайык Баткен облусундагы беткап тартыштыгын женилдетүү үчүн Фергана облусунан 2 миң 610 даана медициналык таңгакталган марли жана 1т 400 кг дезинфекциялык каражаттар алынып келген. Бул каражаттар облустун район, шаарларына таратылат.

"Белгилей кетсек жергиликтүү бийлик облустагы тигүү цехтери менен келишим түзүп, калкты медициналык беткап менен камсыздоодо. Ошол эле учурда беткаптар муктаждарга акысыз таратылууда", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ошондой өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мамлекеттик мекемелер, эл көп топтолгон коомдук жайлар, коомдук транспорттор дезинфекцияланууда.

Пикир

Оставить комментарий